"Дордой" базары жактан эки Кытай жарандын 300 миң долларын тоноп кетишти

Бишкек шаарындагы “Дордой” базары жактан эки Кытай жаранын тоноп кетишти. Бул маалыматты Свердлов районунунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тастыкташты.

Маалыматка караганда, 19-августта Кытай жарандарынын 300 миң доллар акчасын белгисиз үч адам карактап алып кетишкен. Кытай улутунун эки жараны Lexus RX 300 үлгүсүндөгү авто унаанын ичинде болгон. BMW маркасындагы авто унаанын ичинен 3 бети чүмбөттөлгөн киши жабырлануучу тараптын унаасы менен кагылышкан. Андан кийин алар унаанын салонун ачып, ири көлөмдөгү акчаны алып белгисиз тарапты көздөй кетишкен.

Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nevestkaa
2019-08-20 12:48:32
Кытайларга эч нерсе болбойт .
+6
Omush94
2019-08-20 12:57:01
Зор болуптур кубанычтамын
+6
katerina.li
2019-08-20 13:55:11
Мага бираз акча керек болуп атат эле бала чакама кийим алганга окууга. Мени менен болушпойт болдукенби Ия?? Тааныгандар ацтып койгулачы
0
Ermekbai
2019-08-20 14:47:01
Өзүнүн жакындары кылганда
0
amirrus
2019-08-20 21:54:11
жакшылыка иштетсин орган да козун жумуп койсо боло берет,ушинтип кичине аларды басып туруш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан