Баткенде кургатылган өрүктү чек арадан мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган айдоочу кармалды

Баткенде кургатылган өрүктү чек арадан мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер Мазда Бонго үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен. Анда Кыргыз өлкөсүнө чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 7 миң килограмм кургатылган өрүк табылган. Ал эми айдоочуну токтоткон учурда ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы суммасы 525 000 сом болгон.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aza84
2019-08-20 13:30:43
Укмуш кылмышкерди кармапсынарда
+17
bema_bema
2019-08-20 13:33:25
Бул дагы бир бечараны кармадынарда
+14
Altyn10076
2019-08-20 13:44:00
Ушунтип үй бүлөсүн багып атышса.
Уурдап алган жок да бул товарды
Салчу айбын салып кой берип койгула тырышпай.
+13
jalguzum
2019-08-20 13:53:02
Байкуш бир бечаранын шорун курутупсунар. Миллион, долларлык товар ташыгандарды кармагылачы. Карапайым калкка корсотпой.
+9
katerina.li
2019-08-20 13:53:13
Кургатылган орук мейизди кантип мыйзамдаш керек Эми. Чын эле билбецм,тушундуруп койгулачы
+8
katerina.li
2019-08-20 13:55:57
Матраимовдорго тушпой калганго доля
+4
Ysakov_Nur
2019-08-20 14:09:38
Мамлекеттик жумушка кирейин десе маянасы 4-5мин сом, бизнес ачайын десе толтура документация: а документи толтура акча, тынымсыз текшеруулор, налог, процент. Анан ушинтип оз алдынча жумуш кылсан кармап кетишет.

Мамлекет жумуш менен камсыздап бериштин ордуна тескерисинче жумушун тартып алып отурат, УЯТ!
+6
Kyrgyz_bloger
2019-08-20 14:58:06
Ото уят иш болуптур азыр деле кеч эмес кое берип койгула.
+8
Aimani
2019-08-20 16:17:44
А эмнеге коңшу өлкөдөн орук апкелет КРга? Өзүбүздө бар го. Тем более Баткенге?
0
amirrus
2019-08-20 21:50:52
Зорго тиргилик кылып жаткандарды баса калгыла ушинтип ...Бул акмакчылык ...Товарын тартып албай тиешелуу штрафын толотуп кайтарып бергиле,орукту пулга алды да калтасындагы орук эмес бекерге алгыдай
+1
keku00
2019-08-21 14:18:58
Бул Контрабанда жолу менен кирчу орук. Таджикистандын Согди облусунун Исфара-Ворух жолу аркылуу кирчу мыйзамсыз бизнес. Эч кандай пост, эч кандай таможня жок. Прямо эле Баткенге кирип кетесин. Орук эле эмес Афганистандан Наркотика жана Таджикистанга КРден ГСМ ошол жол аркылуу ташылат. Чек ара койгойлорун, уруштарын ошол жердеги наркотик ташыган Барондор чыгарышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан