"Кыз-Бурак" тобунан чыккан ырчы Гүлнара Калдарова ак өргөөлүү болду. Ырчы Бишкектеги жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдөн батир алган.
"Үй-бүлөм менен Бишкек шаарында эле жашайбыз, бирок Ошко байма-бай каттап турабыз. Жакында көп кабаттуу үйлөрдөн батир алып, ичин өзүбүз каалагандай жасап, оңдоп-түзөө иштерин аяктадык. Ак өргөөлүү болгондо, адатта эшик-төрүн көрүп кетсин деп туугандарды үйүнө чакырышат эмеспи. Жакын туугандарыбыз келип кетишти. Азырынча там той берүүнү пландай элекпиз. Балким той берип калабыз же үйгө эле чакырабыз", - деди ал.