17-августта Москва облусунун Мытищи шаарында Кыргыз жарандары жол кырсыгына кабылып, 4 адам ооруканага жеткирилген. Алардын бири кечээ, 20-августта ооруканада көз жумду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булак билдирди.
Маалым болгондой, каза болгон Р.Р аттуу жаран 1986-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районунда туулган.
Буга чейин Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги жол кырсыгына кабылган унаадагы 3 жүргүнчү оор абалда экендигин билдирген.