Социалдык тармактарда улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрү берилбей жана алмаштырылбай жаткандыгы тууралуу маалымат байма-бай тарап жатат. Бул маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматы тастыктады.
"Улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрү бланктын жоктугунан улам июнь айынан тарта берилбей жана алмаштырылбай жатат. Биздин өлкөдө пластик бланктарын жасаган компания жок экен. Азыркы учурда бланктарды жасоого чет элдик компанияларга тендер жарыяланган. 9-августта тендер жыйынтыкталды, комиссия ылайыктуу жана баасы арзан компанияны тандап анан буюртма бере баштайт. 1-октябрдан тартып бериле башташы мүмкүн", - деди мекеменин маалымат кызматы.