Ысык-Көлдөгү Каркыра капчыгайынын жолун куруу иштери 2020-жылы башталат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.
Бул долбоорду Дүйнөлүк банк каржылап, 27 миллион 500 миң доллар насыя жана ушунча суммадагы грант бөлөт. Аталган долбоор Түп-Кеген жолун жана Каркыра базасына чейин камтыйт.
Жолду куруу иштери 2020-жылы башталып, 2024-жылы бүтөрү пландалууда.