19-август күнү SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына окурман "Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин абалы" деген сүрөттөрдү жөнөткөн. Порталыбызга бүгүн, 21-августта аталган университеттин окуу иштери боюнча проректору Атабек Алибаев кырдаал боюнча айтып берди.
“Студенттер каникулда болгондуктан даараткананын акыбалы чынында начар болчу. Учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Биз даараткананы оңдоо үчүн унитаз сыяктуу керектүү жабдыктарды алып келдик. Сентябрга чейин даараткана тазаланып, оңдолуп, акталгандан кийин колдонууга толук өткөрүлөт. Бул ишти аткаруу планыбызга мурун эле кирген. Бирок акыркы үч айдын ичинде башка корпустар менен биргеликте оңдоп-түзөөнү максат кылып жатканбыз”, - деди.
“Даараткананы жаап турсак деле болмок. Бирок оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу, усталар ченеп кетип жатышкандыктан ачык турган. Университеттин бардык жеринде оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Буга студенттерден алынган келишимдик каражаттарды жана өзүбүздүн казынабыздагы каражаттарды колдонобуз. Мамлекет тарабынан эч кандай каражат бөлүнбөйт”, - деп кошумчалады ал.