Бишкек шаарынын "Фрунзе" заводундагы кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Муздаткыч, такма жалаяк, черепица сакталган кампалар өрттөнүп жатат. Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүүдө.
"Өрт заводдун дубалы чоң болгондуктан, ошондо илинип турган кабель жерге кулап түшүп, өрт чыгыптыр. Кабель пенопласт менен кардон кутуларга тийип өрт башталды", - дейт кампада иштеген кызматкерлер.