Токмок шаарында жайгашкан мечит күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.
"Өрт 20-августтан 21-августка караган түнү болгон. Мечит төрөт үйүнүн жанында жайгашкандыктан, кырсык тууралуу куткаруучуларга түнкү нөөмөттө турган медайымдар билдиришкен", - деп билдирди аталган кызматтан.