SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилген чыгарманын ордуна 60'K тобу менен Айя Садырованын "Сүйүү балы" чыгармасы кошулду.
60'K тобунун ырчысы Талант Кадыров чыгармага клип тартуу кыйынчылыктар менен коштолгонун айтып буларга токтолду.
"Айя экөөбүз 1990-жылы хит болгон ырларга жан берип, кайрадан аткарып чыгалы деп 3 чыгарманы тандаганбыз. Алардын ичинен "Сүйүү балына" токтолдук.
Ал эми клип тууралуу айтсам, кыйынчылыктар болду. Анткени клиптин айрым жерлерин Дубайдан тартмакпыз. Ал жакка оператор алып барбай эле өзүбүз барып тартып келгенбиз. Тилекке каршы, биз тарткан видеолор жараксыз болуп калды. Ошентип клипти Бишкектен тартууга туура келди. Клиптеги каармандарды дагы таба албай көпкө издедик. Клиптин монтажын башка оператор жасап берди", - деди ал.
7-АВГУСТТАН 14-АВГУСТКА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
10-орун - Анжеликанын "Айта берем" видеокомпозициясы эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.
9-орунду - Бек Исраиловдун "Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай" аталышындагы клиби камсыздады.
8-орун - Дайыр Исмадияровдун "Каражан" видеоклибине буюрду.
7-орунга - Айгерим Расул кызынын "Ыйлаба, кызым" чыгармасы жайгашты.
6-орунду - Асел Кадырбекованын "Телефон" видеоклиби камсыздады.
5-орунду - Нурлан Насиптин "Мадам" аталышындагы композициясы ээледи.
4-орун - Роза Шакированын "Сени менен" видеокомпозициясына буюрду.
3-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Чолпон Талипбектин "Таппадым сендей" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алды.
2-орунду - Урмат Усенов менен Нелянын "Жанымда бол" чыгармасы камсыздады.
1-орун - Нурмат Садыровдун "Келчи" клиби эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.