Өлкө боюнча эң чоң боз үй Бишкектин Кой-Таш айылына тигилди

Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу диаметри 12 метр, бийиктиги 6 жарым метрди түзгөн боз үй тигилди. Бул тууралуу боз үй тигүүнү уюштурган топтун жетекчиси Иличбек Максүтов SUPER.KG порталына билдирди. Ал боз үйдүн көлөмү чоң болгондуктан ак ордо деп аталарын кошумчалады.

“Ак ордо боюнча Нурлан деген жигитке “чоң боз үй жасатып, бир жерге орноткула” деген аян түшкөн экен. Нурлан өрөөндөрдү кыдырып ошондой чоң боз үйдү жасагандарды издептир. Жыйынтыгында колунан көөрү төгүлгөн менин кайним Алымбек Бекешовго токтолуптур. Ак ордо учурда өлкө боюнча эң чоң боз үй болуп эсептелет”, - деди ал.

Эң чоң делинген боз үй Кой-Таш айылына тигилди. Аны орнотууга жалпысынан 20 адам тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kechirmeni
2019-08-21 16:48:56
А эмнеге кой ташка? Кой таштыктар эми эле жыйышты эле го уйлорун
-7
titanik32
2019-08-21 17:07:22
Бул боз үйдү тиккенге Кой таштан башка жер табылбадыбы,Кой ташты эми эл унутуп баштаганда кайра силер жазып баштадыңар.
-2
Maks_shop
2019-08-21 17:21:49
Дагы ошол уйго чогулгула эми
-7
kamchatka
2019-08-21 19:04:00
Boz uidun Koitashka tigilishi dagy bir baleeni bashtabagyla!
-3
gute
2019-08-21 20:09:06
Жазат десе эле жаза бересинерби ар кайсыны. эмне эми Кой-Ташка орнотсо?
Молодец Устага ушундай боз уй жазаганы учун.
+7
bond02
2019-08-21 20:11:40
Ал боз уйдо Атамбаев отурсун деген туш корбосо болду эми.
+3
kurstan_810502
2019-08-22 04:39:56
bond02,
0
Mamiev
2019-08-21 20:13:06
Кайсыл жерге тигилсе да кыргыздын боз үйү ата бабаларыбыз жашаган боз үй.
+7
Bektur2011
2019-08-21 23:50:14
Кой-Таштан башка жер жокпу?
-5
ABAkg86
2019-08-22 03:02:43
Ушул боз уйдун ичинде Кой Ташта кайрадан "Дом 2" башталабы?
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан