Бүгүн, 21-августта Бишкектеги "Фрунзе" заводундагы кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды. Маалыматты шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеринде өрт өчүргүчтөр иш алып барышууда.
Буга чейин кампадагы чыккан өрттөн эки адам жабыркап, борбордогу ооруканалардын бирине жеткирилген.