Бир үй-бүлө каза болгон Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсык. Маркумдардын 100 миң сом акчасы жоголууда

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан каза болгон үй-бүлөнүн 100 миң сом акчасы жоголгонун маркумдардын жакындары айтып чыгышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдирип, төмөнкүчө маалымат таратты.

"Каза болгон адамдардын жакындары 100 миң сом акча жоголгонун билдиришүүдө. Бирок алар кырсык болгондон кийин ал жерде тургундардан тартып жол кыймылынын кызматкерлери, өрт өчүргүчтөр жүргөнүнөн улам алар акчаны кимдир-бирөө алып коюшуна ишенбей жатышат. Чүй ОИИББи мындан улам тийиштүү териштирүүлөрдү жүргүзүү үчүн аталган адамдарга тез арада арыз жазууну талап кылабыз", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

Жол кырсыгы 18-августта болжол менен эртең мененки саат 9:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 172-чакырымында орун алган. Анда Хонда Торнео үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алдыдагы унааны ашып өтүү үчүн каршы тилкеге чыгып, алдыдан күйүүчү май ташыган унааны көргөн, ал кайра өзүнүн катарына түшүү аракетин жасап жатып Мазда үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган, ал эми Мазда үлгүсүндөгү унаа оор жүк ташуучу унааны сүзүп жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Мазда унаасындагы 4 адам каза болуп, дагы 1 адам оор жаракаттарды алган.

Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсыгынан каза болгон 4 жаран бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин билдирген. Тактап айтканда, күйөөсү, аялы жана 2 баласы. Ал эми учурда бул үй-бүлөнүн дагы бир 8 жаштагы кызы ооруканада.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kyrghyzkyzy
2019-08-22 21:55:46
Кыз байкуш кантет эми,заматта баарынан айрылып (((Кудай эч кимдин башына сала корбо мындай жамандыкты.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан