"Кыргыз өлкөсүнүн Футбол федерациясы каза болгон "Академия-Лидердин" футболчусу Ильич Иманбековдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат" деди Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов.
Футболчу бүгүн, 22-августта жол кырсыгында каза болду. "Академия-Лидер" футболдук командасы Ош шаарында "Алай" менен болгон оюндан кийин Бишкекке кайтып келе жаткан. Футболчулар бар унаа Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгына кабылган.