Адил Турдукулов Абдил Сегизбаевге каршы Башкы прокуратурага кайрылды

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге каршы Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта SUPER.KG порталына Турдукулов билдирди.

"Белизгейт боюнча маалыматты тараткан Абдил Сегизбаев бийлик өзгөрсө дагы жоопкерчиликке тартылбай жатат. Керек болсо ага карата иликтөө иштери дагы жүргүзүлгөн жок. Анын айтканы калп болуп чыкты. УКМК Белизден документтер келген эмес деп билдирген. Бул жерде аны "кызматын кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмалуулук", "алдамчылык" беренелери боюнча жоопко тартуунун жолдору бар. Саясий абал өзгөрүп, Текебаевдин иши кайра каралсын деген чечим чыккандан кийин, Башкы прокуратура мыйзам негизинде Сегизбаевди жоопко тартышы керек. Ал гана эмес ошол ишти аткарган адамдар дагы жоопко тартылышы зарыл", - дейт Турдукулов.

Адил Турдукулов кайрылууну Башкы прокуратурага кечээ, 21-августта тапшырганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Sakubek
2019-08-22 17:09:16
Ой энееен хамелеон
+10
Beck_13
2019-08-22 17:43:22
Sakubek,хамелеон эмес туура эле айтып жатат. Эмнеге Текебаевди жалган жалаа менен каматып таштады. Ошол Ашанын буйругун аткарган. Эми жооп берсин. Ошол убакта бети чымырабай трибунада туруп алып уялбай айтып жатпады беле.
+10
Tolkun555
2019-08-22 17:13:30
Хамелеон сени камаш керек
+4
Shabi
2019-08-22 17:17:17
Апееей кокуй даана кокуй неме го бул
+3
Kyrgyz_bloger
2019-08-22 17:27:48
Адил,Равшанга окшогондор каяктан акча табышат тан калам да,биз бир ай иштебесек ачка калып кетпейли деп ойлоно баштайсын.
+7
kuttubekuzgen
2019-08-22 17:30:28
Бул жагы хахаго:)
+3
baybolot
2019-08-22 18:15:54
Жапжаш туруп мынча эки жуздуусун
+6
KAYRATBEK
2019-08-22 19:20:22
Адил Турдукуловдун принциби 15кун экен. 15 кун мурун Текебаевди каматкан Атамбаевдин чайын ичип, эми камалганда кийин Текебаевди жактаганын эмнеси ботом. Эркек бол эркек. Эртеге Атамбаев куноолу деп чыксан деле тан калбайбыз.
+6
ninja82
2019-08-22 20:37:23
элдик штаб деп Текебаевдин уйуно барып штаб ачышын эле калыптыр,штаб ачсан эч ким тан калбайт.
+3
Snejana
2019-08-23 00:16:16
Абдил Сегизбаев баягы куну бул кишини жайлаган. Жайлаганда дагы ушундай сонун жайлаган. Ошол видеону корсонор, тушуносунор. Ошого очошуп атат, Текебаевди деле жактаган жери жок.
0
Avrora2017
2019-08-23 15:07:20
Подхалим
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан