Өкмөткө караштуу "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" түзүлдү

Өкмөткө караштуу "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Түзүлгөн фонд аймактарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү инвестициялык долбоорлорго, эко-туризмди өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө багытталган иш-чараларды, долбоорлорду каржылайт жана колдойт.

Макулдашуулардын алкагында фонддун пайдасына бир нече транш менен 10 миллион доллар түшүүсү, ошондой эле жылдык жалпы кирешеден 4 пайыз өлчөмүндө жыл сайын түшүүлөр пландалууда.

Өкмөттүн токтомун кабыл алуу кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Мындан тышкары, финансы каржаттарынын келип түшүүсү "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому тарабынан жүргүзүлөт. Ошондуктан республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды тартпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан