Интернетке ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын кызынын сүрөтү тарады. Анда Дарияны таенеси Дилбар Монокбаева көтөрүп түшкөнүн көрүүгө болот.
Сүрөт жакында эле тоодогу эс алуучу жайлардын биринен тартылган. Бул сүрөттөн кийин социалдык тармактын колдонуучулары Дария атасына куюп койгондой окшош экенин жазып, алтургай сүрөттөрдү салыштырып кароо иретинде коллаж жасашкан.
Буга чейин түгөйлөр кызынын бети жабылган сүрөттөрү менен бөлүшүп, күйөрмандарынын кызыгуусун жаратып келген.
Дария ушул жылдын 27-март күнү төрөлгөн. Ошондо эле атасы Нурлан Насип "кызымды өзүмө окшоштуруп жатам" деген комментарий берген.