Бишкекте Курсан Асановдун жактоочусу алдамчылыкка шектелип, камакка алынды

22-августта Бишкекте Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирет.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 19-сентябрында Н.Д аттуу жаран Икрамидин Айткулов алдамчылык менен 5500 долларга ээ болуп калганы тууралуу арыз менен кайрылган.

"Бул окуя боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук өндүрүшкө алынган. Шектүүгө билдирүү тапшырылып, Бишкек ШИИББи тарабынан камакка алынды", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин жактоочунун жубайы Раушан Айткулова Фейсбуктагы баракчасына "Икрамидин Айткулов сурактан кийин милицияда "калтырылды". Кененирээк маалымат дагы берилет", - деп жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Bektur2011
2019-08-23 09:23:41
Курсан Асанов озуно окшогон адвокатты тапкан экен. Бул кишинин тубуно Роза Качиева (Раушан Рыкынова) жетти окшойт
-7
altyn-kumush
2019-08-23 09:25:51
Мына сага жактоочуга жактоочу керек эми. Озуно окшогон адвокат тапкан экен да Курсан самозванец!
-12
MuslimKGstana
2019-08-23 09:29:25
Мен Оштукмун,АШАнын камалышын 100% колдоп бийлик маскара болбой жакшына кармап,элди тынчытып алса экен деген элем
Бирок Асановго иш козгоп Соке бийлиги мынчалык пасстыкка барат деп ойлогон эмесмин.
Уят,уят уят...
+11
Erik2018
2019-08-23 09:29:48
Тазасы барбыыы барбыыы дегендей Асановдун адвокаты озу таза эмес турбайбы бироого адвокат болом деп шорун катырды да
-2
aiba_00
2019-08-23 09:33:08
Икрамидин кыйын адвокат да, Асановду актап чыгат деп адвокатын да бир шылтоо таап камап салышты да. мына бугунку бийликтин жузу.
+14
Jaznura
2019-08-23 09:54:51
Икрамидин Айткулов Курсан Асановдун адвокаты болгону үчүн эмес, катардагы жарандан алдамчылык менен акча алганы үчүн айыпталууда
-5
Jaznura
2019-08-23 09:55:17
Айткуловдун камакка алынышы анын ИИМ министри Кашкар Жунушалиевди отставкага кет деп чыкканы менен таптакыр байланышы жок.
-4
Aimani
2019-08-23 13:00:17
Jaznura,бир жыл мурун тушуптур арыз, анан эми кармаганына караганда туптуз эле байланышы бар да
+4
altyn-kumush
2019-08-23 09:57:13
Он и его сын кинули людей на большую сумму он даже не попросил извинение за своего отпрыска нето что отдать долги он бесстыжий человек поделом сделали когда сломали ногу ему
+4
Absamat-90
2019-08-23 09:58:57
Адвокаттар баары эле азыр ачык эле мынча берсен жактап берем дейт, соодалашат.Азыр 5500 доллар
эмес 500сом кв плат толой албай жургондор бар.
+5
Bars88
2019-08-23 11:03:27
Бул деле аферист да.3-4 жыл мурун баласы алдамчылыкка шектелип кармалды эле.Андан мурун бироолор тоноп кеткен деп ызылдап аткан
0
Samatalibei
2019-08-24 01:45:31
Асанаовду ак жерден каралап койдунар Эл билип турат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан