Араванда 18 жаштагы кыз үйүнөн чыгып кетип, 14 күндөн бери изделүүдө

Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон жаранды табышууга коомчулуктан жардам сурайт. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Араван районунун Нур-Абад айыл аймыгынын Лангар айылынын тургуну 18 жаштагы Дилафруз Абдулхакимова өзү жашаган үйүнөн 9-август күнү болжол менен саат 20:00 чамасында чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, дене түзүлүшү орто, ырайы кара тору, кашы, көзү кара, чачы кара, анын узундугу 30-35 сантиметр.

Кийген кийимдери: кызыл түстөгү халат, бутунда кызыл түстөгү жайкы бут кийим.

Милиция кызматкери жогорудагы жарандын жүргөн жерин же ал туурасында маалымат билгендер болсо, төмөнкү телефондорго кабарлап коюңуздарды суранат.

Байланыш телефондор: 102, 03222 5-00-33, 0709 92-60-60, 0777 38-44-55.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан