Бишкек шаарынын тургуну Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, атасын табышууга көмөктөшүүнү өтүндү. Маалыматты Бишкек ШИИББинен билдирди.
Ага ылайык, арыздануучунун атасы Гани Абдурахимов 65 жашта. Ал ушул жылдын 7-августунда, тагыраагы мындан 16 күн мурун эртең менен Бишкектеги Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Улуттук онкология борбору тарапта жүргөн бойдон дайынсыз. Ошол күндөн тартып үйүнө кайтып келе элек. Учурда кайда жүргөндүгү белгисиз.
Издөө салынган жарандын белгилери: бою 160-170 сантиметр, арык чырай, чачын ак баскан, кыска кыркылган. Ошол учурда футболка, шым, көк түстөгү кепка, бутуна кара түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.
"Гани Абдурахимов эс-тутумун жоготуу илдетинен жабыркайт. Ага тиешелүү болгон маалыматтарды билгендер же аны көргөндөр болсо 0(0312) 54-41-84, 0(709) 99-79-11 жана 102 номурларына кабарлап коюңуздар", - деп жазылат ШИИББнин маалыматында.