Аксыда чогулуш учурунда айыл башчынын жүрөк оорусу кармап каза болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Тосту айылынын айыл башчысынын чогулуш учурунда жүрөк оорусу кармап каза болду. Маалыматты аталган айыл өкмөттөн тастыкташты.

Ага ылайык, окуя 21-августта болгон. Каза болгон айыл башчынын аты-жөнү Кубат Мырзатаев, жашы 55те. Ал акыркы 3 жылдан бери аталган кызматта иштеп келген.

"Чогулушта жүрөк оорусу кокусунан кармап каза болду. Ал буга чейин оорубай эле жүргөн", - деди айыл өкмөттөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан