Эколог Эмил Шүкүров 81 жашында кайтыш болду

Эколог, профессор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген илим ишмери Эмил Шүкүров 81 жашында кайтыш болду. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал 1938-жылдын 19-январында Бишкек шаарында туулган. 1993-жылы өлкөдөгү биринчи экологиялык-коомдук уюмду, "Алейне" экологиялык кыймылын негиздеген. Географиялык илимдин доктору, биологиялык илимдин кандидаты.

SUPER.KG порталы Эмил Шүкүровдун көз жумганына байланыштуу анын жакындары жана туугандарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur777
2019-08-24 13:14:24
Жаткан жери жайлуу болсун,Жараткан бейиштен орун ыроолосун!
Акыркы генийлер кетип жатат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан