Бүгүн, 23-августта Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Эмил Шүкүров каза болду.
Шүкүров Эмил Жапарович 1938-жылы Фрунзе шаарында туулган.
1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология-зоология факультетин бүтүргөн.
1962-жылы Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүткөн.
1963-жылдан тарта Улуттук илимдер академиясында Философия жана укук институтунда кенже, ага илимий кызматкер, директордун орун басары кызматтарында иштеген. Ошондой эле Биология жана топурак таануу институтунда лаборатория башчысы, директордун орун басары, директору болуп эмгектенген.
2000-жылдан бери Борбордук Азиядагы биологиялык аймактын долбоорунун илимий кеңешчиси. Дүйнөлүк банк, ПРООН, "Сорос-Кыргызстан", Кристенсен жана башка эл аралык уюмдардын экологиялык долбоорлорунда иштеген.
Кыргыз өлкөсүндөгү эң биринчи экологиялык-коомдук уюмду, "Алейне" экологиялык кыймылын негиздеген.
2016-жылы Бишкек шаардык кеңешинде депутат болгон. 2017-жылы ноябрь айында өз эрки менен мандатын тапшырган.
Зоология, зоогеография, экология боюнча 250дөн ашык илимий эмгектердин автору.
География илиминин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер.
SUPER.KG порталы Эмил Шүкүровдун көз жумганына байланыштуу анын жакындары жана туугандарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.