Кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнөн түзүлгөн футбол командасы орусиялык атаандаштарын утуп алышты

Кыргыз эстрада ырчылары, театр жана кино актёрлорунан куралган футбол командасы орусиялык атаандаштарын утуп алды.

Орусиянын авиациялык базасынын "Кант" командасы менен шоу-бизнес өкүлдөрүнөн түзүлгөн "Арт-футбол" командасынын жолдоштук беттеши бүгүн, 23-августта болду. Беттештин биринчи бөлүгүндө кыргыз командасынын оюнчулары эсепти 2:0 кылды. Ал эми экинчи бөлүктө эсеп саны 5:2 болуп, кыргыз оюнчулары жеңишке жетишти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов билдирди.

"Оюн абдан жакшы өттү. Атаандаштарыбыз бизге салыштырмалуу жаш курагы боюнча кичүү экен. Ошентсе дагы аракет кылышып, оюнду кызыктуу өткөрдүк. Футболдук мелдеш Орусиянын мамлекеттик желегинин күнүнө карата уюштурулду. Мелдештен кийин концерттик программа дагы орун алмак, бирок нөшөрлүү жамгырга байланыштуу концерт болбой калды", - дейт ал.

"Арт-футбол" командасында Ырыскелди Осмонкуловдон тышкары Марат Ибраев, Тынай Алыбаев, Адил Чекилов, Руслан Сыдыков, Оскар Султаналиев жана башкалар болгон. Жеңүүчү командага кубок ыйгарылды.

Шоу-бизнес өкүлдөрүнөн түзүлгөн футбол командасы беттеш алдында
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан