Президент энергетикалык тармак токтоосуз реформаларга муктаж экенин айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКнын төрагасы Айтмамат Назаровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө, энергетикалык тармакты реформалоо, алдыдагы кыш мезгилине даярдык боюнча чаралар талкууланды.

"Энергетикалык тармак токтоосуз реформаларга муктаж, шаарлардын жана аймактардын тургундары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болушу керек", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы экономика тармактарына, ишкерлик субъектилерине үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүнүн, кубаттуулуктун резервин камсыздоонун маанисин белгиледи. Коңшу мамлекеттер менен суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип рационалдуу колдонуу маселелери боюнча кызматташууну бекемдөө зарылдыгын баса белгиледи.

Айтмамат Назаров энергетикалык объектилердеги штаттан тышкаркы абалдарды болтурбоо чаралары, энергокомпанияларда "акылдуу эсептегичтерди" орнотуу, электроэнергияны сатуу рыногун кеңейтүү, кошумча кубаттуулук резерви жана аймактык өнүктүрүү саясатынын алкагында бул жылы ишке киргизилген объектилер жөнүндө кеңири айтып берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Flowhive
2019-08-24 09:57:25
Энергосбытты бөлүп салмайынча энергетика өнүкпөйт
+1
altyn-kumush
2019-08-24 10:54:58
Энергетика менен эле озубузду баксак болот. Бул тармакты мите курттардан тазалаш керек, колдогу ресурстар барында туура пайдаланалы. Бардык эле тармак реформага муктаж. Бардык тармактарды озунуз козомолго алып туура кылдыныз, урматтуу Президент!
0
Jango
2019-08-24 12:35:56
Муктаж экенин элибиз деле билет соке лучше иш жузундо ашыргыла
+1
altyn-kumush
2019-08-24 19:36:33
Мамлекеттен тыйынга алып, элге 2 сомдон ашык акчага саткан ортомчуларды жоготуу зарыл. Ошондо элге да, мамлекетке да пайда болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан