Коопсуздук кеңештин катчылыгы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн семинарларды өткөрүштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, коопсуздук кеңештин катчылыгы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу аймактык органдарында жүргүзүлгөн мониторинг жана абалды анализдөөнүн негизинде Кыргыз Республикасынын бардык облустары жана Бишкек, Ош шаарлары үчүн коррупцияга каршы пландарды иштеп чыгат. Азыркы учурда Коопсуздук кеңештин катчылыгынын эксперттери Ош жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ишмердигинин анализин жүргүзүп жатышат.
Муну менен биргеликте 2019-жылдын 22-23-июлунда Коопсуздук кеңештин катчылыгы Жалал-Абад жана Ош шаарларында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн семинарларды өткөрүшкөн.
Жүргүзүлгөн жумуштун алкагында катчылык 2019-жылдын октябрь айынын аягына чейин ушундай окууларды өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүүнү пландоодо.