6-августтан 24-августка чейин Филиппиндин борбору Манила шаарында жыл сайын өтө турган "Mister World-2019" ("Дүйнө мырзасы") сынагы өттү. Кыргыз мамлекетинин атынан катышкан ырчы Даниель Бегалиев үнү боюнча "Талант шоу" сынагынан 2-орунду алды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Бул сынактан мен көптөгөн тажрыйба алдым. Кызыктуу сапар болду жана жаңы досторду таптым. Эң негизгиси Кыргыз мамлекетимди бүт дүйнөгө тааныттым десем деле болот. Биздин мамлекет тарыхта калат, анткени биринчи жолу мен мырзалардын арасынан сынакка катышып жатам. Дагы көптөгөн сынактар болот, мындан аркыларында биринчи орунду алып келүүгө болгон аракетимди жумшайм", - деп жазат ал.
"Дүйнө мырзасы" сынагы 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйылкы жылдагы сынакка 80ге жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Эл аралык сынакта ар түрдүү спорттук мелдештер, тамак жасоо жана башка сынактар орун алды.