Актёр, "тамашоучу" Эмил Эсеналиев уулдуу болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-августта социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Сүйүнчү, бир туугандар! Экинчи ирет уулдуу болдук", - деп ал баласы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.
Эсеналиев 2015-жылы декабрь айында Айгерим аттуу кызга баш кошкон. Алар 2016-жылы август айында уулдуу болушкан.