2019-жылы республикалык бюджеттен билим берүү чөйрөсүнө 29 миллиард 300 миллион сом каралган, анын 74,8 пайызы (ЖОЖдорду жана изилдөө институттарын кошпогондо) 120 000 кызматкердин айлык маянасына жумшалат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз мамлекетинин билим берүүдөгү заманбап багыттары" аттуу Кыргыз Республикасынын август педагогикалык кеңешмесинде сөз сүйлөп жатып, ушул жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көтөрүлөрүн билдирди.
Эмгек акысын көтөрүү төмөнкүлөргө тийиштүү:
- жалпы билим берүү уюмдарынын 77 миң 860 мугалими;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 7 миң 694 тарбиячысы;
- кесиптик-техникалык окуу жайлардын 3 миң 680 өндүрүштүк окутуу мастери;
- орто кесиптик окуу жайлардын 7 миң 427 окутуучусу (училище, колледждер);
- билим берүүнүн башка 23 миң 339 кызматкери.
Өкмөт тарабынан 2019-жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көтөрүү сунушталууда. Октябрь айында айлык көтөрүү үчүн дагы кошумча 2 миллиард сом керектелет.