Бүгүн, 24-августта Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасында пикир келишпестик чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынан тастыкташты.
Аталган кызмат учурда кошумча маалыматтар такталып жатканын айтты.
Буга чейин 22-июлда Ак-Сай айылынын тургундары менен Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Уруш учурунда жарандардын бири курал колдонуп ок чыгарган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан жаңжалдан 8 адам жабыркаганын, экөөнө операция жасалганын кабарлашкан. Ак-Сай айылынын жашоочусу болсо 10дон ашык адам жабыркап, алардын тогузу октон жаракат алганын айткан. Ооруканага 16 адам кайрылган.