Бүгүн, 24-августта Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жайгашкан Баткен облусунун эки айылында пикир келишпестик чыкты.
Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиргендей, учурда чек арада абал туруктуу.
"Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айылында саат 15:30да эки өлкөнүн жарандары ортосунда ызы-чуу чыкты. Тажикстандын 15-20дай жараны Жаңы-Жердин жашоочусунан тосмо курууну токтотуусун талап кылышкан. Тажикстандын жарандары менен тосмонун ээсинин ортосунда пикир келишпестик чыккан. Чек арачылар абага эки ирет эскертүүчү ок чыгарганда гана тажикстандыктар өз аймагына кетишкен", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми экинчи окуя саат 15:40та Баткен районундагы Көк-Таш айылында орун алган. "Тажикстандын Исфара районунун тургундарына Аксай-Көк-Таш жолунун курулушуна нааразы болушкан. Алар Тажикстан тараптан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин тарап кетишкен", - деп жазылат маалыматта.