Өкмөт жерлерди трансформациялоону жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга өткөрүп берүүнү демилгеледи

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жерлерди трансформациялоо боюнча компетенцияларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, бул ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн зарылдыгы бүгүнкү күнү жергиликтүү бийлик органдарынын алдында ыкчам чечүүнү талап кылган маанилүү милдеттер тургандыгы менен шартталат.

"Өкмөттүн компетенциясына кирген баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерин кыйла баалуусуна которуу, баалуулугу теңдеш айыл чарба жерин бир түрдөн башкасына которууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү керек. Бул биздин жарандардын кызыкчылыгында кыйла натыйжалуу иштерди жүргүзүүгө шарт түзөт. Жогорку Кеңеш өкмөттүн демилгесин колдоп берет деп ишенем", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Аталган маселе боюнча өкмөт башчы Юстиция министрлигине бул мыйзам долбоору менен белгилеген тартипте иш алып барууну улантууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jelezo
2019-08-25 12:42:19
Туура чечим
0
talant87
2019-08-25 15:28:27
Ошондо жердерди Айыл окмоту чечеби же Акимби толуу жаспаптырда
0
KAYRATBEK
2019-08-25 15:48:26
Жерлер берилбей элдер огородтторго уй салып атышат. Туштук регионго жерлер ото тартыш тезирек чечкиле. Тезирек уй салып жашайлы
0
Take_men
2019-08-25 21:40:12
Жер...Жер...Жер...убагында Арча Бешиктеги 8 сотых жерлер 1000 сом 3000 сомдон берилди эле. Эми ошол жерлер 40~80 миң доллар турат. Кызыгы Арча Бешиктеги участоктордун 99% пайызы өлкөбүздүн 1 гана облусунан келген жердештерге берилген. Калган 5 облустан келгендерди жакын жолотушкан эмес
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан