Быйыл январь-июнда кичи насыя берүүчү уюмдар тарабынан 13 миллион 741 миң сом суммасында насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдирди.
Маалыматка ылайык, насыя алуучулардын саны 295 миң адамды түздү. Кичи насыя алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 33,8 пайызга, ал эми берилген кичи насыянын көлөмү 31,5 пайызга көбөйдү. Кичи насыяны кайтаруунун деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 1,5 пайыздык пунктка өсүп, 2019-жылдын январь-июнунда 94,3 пайызды түздү.