Азия чемпиондугунда жеңишке жеткен кыргыз волейболчулары өлкөгө кайтып келишти. Спортчуларды күйөрмандары "Манас" аэропортунан тосуп алышты.
Кечээ, 24-августта Непалда өткөн волейбол боюнча аймактык Азия чемпиондугунда кыргыз волейболчулары финалда жеңишке жетишкен. Финалда Кыргыз өлкөсү Өзбекстан менен ойноп, 3:0 эсебинде утуп алган.
Жарым финалда Кыргыз өлкөсү Түркмөнстанды 3:0 эсебинде жеңип алган. Экинчи жарым финалдык жупта Өзбекстан, Мальдив аралын 3:0 эсебинде уткан.