Бишкек мэриясынын муниципалдык администрациясы "Ош базарынын" аймагындагы жана көчөлөрдөгү башаламан соода кылгандарга карата рейд жүргүздү.
Ленин райондук администрациясынын маалыматына ылайык, Киев, Бейшеналиева, Кулиев, Токтогул көчөлөрүндө жана базардын тегерегинде башаламан соода кылууга тыюу салынды. Администрациянын кызматкерлери тарабынан башаламан соода жүргүзгөндөргө карата "бузуулар" беренеси боюнча протокол түзүлүүдө.
Мындан тышкары 3 унаа эвакуацияланып, базардын тегерегиндеги 20 объект оңдолгон деп жазылат маалыматта.