Таттыбүбү Турсунбаеванын 75 жылдыгына карата кино жумалык өткөрүлөт. Кинематография департаментинен маалымдагандай, иш-чара жакынкы күндөрү Бишкекте орун алат.
Жумалыктын алкагында Таттыбүбү Турсунбаева тартылган тасмалар көрсөтүлөт. Ал эми актриса каза болгон күнү эскерүү иш-чарасы болот.
Таттыбүбү Турсунбаева тирүү болгондо, быйыл 75 жашка толмок. Ал 1944-жылы 12-июлда төрөлүп, 1981-жылы 21-декабрда каза болгон.
"Ак Мөөр", "Кызыл алма", "Уркуя", "Саманчынын жолу" жана башка тасмаларда роль жараткан.