Улуу Британиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Чарльз Гарретт Аламүдүн базарына барып соода кылды. Бул тууралуу видеону ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Анда Чарльз Гарретт троллейбус менен базарга бара жатканын көрүүгө болот. Ал эт саткандар менен орус тилинде баарлашып, айрым сөздөрдүн кыргызча которулушун сураган. Сатуучулар элчи менен күнүмдүк соода-сатык тууралуу кыскача кеп курушкан.
Ал эми видеодо элчи 25-августта базарга барганын, ал жактагы эттин сапаты жогорку экенин айткан. Ошондой эле базардан Кыргыз жергесинин меймандос жана кызыктуу элин көрүүгө болорун билдирген.
Чарльз Гарретт 2019-жылдын июнь айында элчилик кызматка дайындалган.