Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полку 19 жаштан 30 жашка чейинки мырзаларды кызматка чакырат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматкери Адила Тыналиева билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматка келүүнү каалагандар башка мамлекеттин жарандыгына ээ болбогон, мурда соттолбогон болушу керек.
Ошондой эле аскердик кызматты өтөгөн, бою 170 сантиметрден жогору, билими орто жана жогорку, кызматка спорттун ар кандай түрлөрү боюнча талапкерлер жана спорттун чеберлери кабыл алынат.
Байланыш телефону: 0(312) 460-826.