Бишкектеги Токтогул көчөсүнүн айрым бөлүгү транспорт каражаттары үчүн ачылды. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиргендей, Токтогул көчөсүнүн Манас кең көчөсү менен Турусбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери аяктады.
"Техникалык себептерге байланыштуу Токтогул көчөсү менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишине асфальт төшөлө элек. Жолду асфальттоо 10 күндөн кийин башталып, жол жабылбайт", - деп жазылат маалыматта.
Токтогул көчөсүнүн Манас кең көчөсү менен Үмөталиев, Турусбеков көчөлөрүнө чейинки бөлүгү 10-июлда жабылган. Бул аймакта "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы жылуулук түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерин жасоодо. Ремонт иштери 25-августка чейин уланары маалымдалган.
Ал эми Токтогул көчөсүнүн Турусбеков менен Үмөталиев көчөлөрүнө чейинки бөлүгү жабык бойдон калууда.