Өкмөт соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган кодекстерди жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларды талдоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбооруна Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын, Жогорку Соттун жана башка мамлекеттик органдардын сунуштары киргизилген. Мисалы өзгөчө учурда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганга чейин окуя болгон жерди кароону жүзөгө ашырууга уруксат берүү.

Мындан тышкары, жоруктун бетинин ачылышын камсыз кылуу максатында алгачкы текшерүүчү органдар атайын тергөө иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн жүргүзүүгө укугу бар. Ошол эле учурда сунушталып жаткан түзөтүүгө ылайык, тергөөчү алгачкы текшерүүчү органдарга иликтөө жана тергөө иштерин жүргүзүү үчүн кат түрүндө тапшырма бере алат.

Жеңиш Разаков белгилегендей, өкмөт соттук-укуктук реформаны пландуу түрдө ишке ашырып жатат. Аны иш жүзүнө ашыруу 2019-жылдын 1-январында башталган.

"Учурда жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды аткаруу боюнча укук коргоо органдарынын укук колдонуу тажрыйбасына активдүү байкоо жүргүзүлүүдө. Биз, оңдуу ошону менен бирге айрым бир кыйынчылыктарды туудурган маселелерди көрүп турабыз", - дейт Разаков.

Жеңиш Разаков белгилегендей, сот-укуктук реформанын алкагында мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана аларды кодекстерге ылайыктоо иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан