Опера ырчысы Жеңишбек Ысманов: "Бийлик тарабынан жасалган кош көңүл мамиле жүрөгүмдү муздатты"

Жеңишбек Ысманов операнын борбору аталган Италияда эмгектенип, атактуу "Ла-Скала" сахнасында өнөрүн тартуулап, кыргыз атын кыйырга таанытып келе жаткан опера ырчысы. SUPER.KG порталы Жеңишбек Ысманов менен байланышып анын чыгармачылыгы, балалыгы, ата-энеси жана устаттары тууралуу баарлашты. Каарманым маек учурунда өкмөт тарабынан опера тармагына көңүл бурулбай жатканын айтып, бул тармакты колдоо керектигин эскерип өттү.
Окурман, сыймыктуу мекендешибиздин маңыздуу маеги назарыңызда.

- Саламатсызбы, алгач эле балалыгыңыз, ата-эне, бир туугандарыңыз тууралуу сурагым келип турат?- - Балалыгымдын издери Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айылынын чаң баскан көчөлөрүндө калды. Илгери акын-жазуучулар айткандай, кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлүп, өстүм (күлүп). Атам убагында фабрика, заводдордо иштеген, апам медайым. Көбү "сиздин ата-энеңиз ырчы болгонбу?" деп сурап калышат. Атамдын музыкага шыгы жок, бирок музыка угат. Ал эми апам жаш кезинде ырдап, мандолина (музыкалык аспап) ойноп жүрчү экен. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Эң улуусу агам, үч эжем жана мен үйдүн кичүүсүмүн. Мен төрөлгөндө апам Ноокат районундагы медайымдардын арасында уюштурулган кароо-сынакка катышкан экен. Репетиция жүрүп жатканда апам мени көтөрүп алып, кээде бешикке бөлөп коюп, тыныгуу учурунда келип эмизип кетип турчу экен. Эненин көксөөсү эне сүтү аркылуу балага өтөт деп коёт эмеспи. Балким апамдын музыкага, чыгармачылыкка болгон сезимдери мага ошондо өткөндүр. Биз негизи баарыбыз эле кичинебизден музыкага шыктуубуз. Мектепте агам дагы, эжелерим дагы ырдап ар кандай кароо-сынактарга катышып калышчу. Үйдө майрам болсо, уюша калып концерт коюп жиберчүбүз.

- Мектепте кандай окудуңуз, кайсы сабактарга басым койчу элеңиз? Коомдук иштерге дагы активдүү катышсаңыз керек.
- Ооба, негизи үй-бүлөдө улууларга карап түздөнөсүң да. Өзүңдөн улуу бир туугандарың кандай окуса, калгандары деле ошондой окуйт экен. Бир туугандарымдын баары жакшы окугандыктан, мен дагы алардан калышпай окудум. Мектепте эмнегедир математика сабагын жакшы окуп, олимпиадага катышчу элем. Сынактарга катышып көп ири ийгиликтерге жетиштим. Мектепте активист болчумун. Ийримдерге, концерттерге катышып өзүмө бош убакыт деле артчу эмес. Мектептеги концерт учурунда он беш номер болсо, анын эки-үчөөнө эле катышпай калбасам бүт баарына катышчумун. Ойлоп көрсөм кичинемден эле тырышчаак, аракетчил бала болуптурмун. Бирок бала чагымда опера ырчысы болом деп чынында ойлогон эмесмин. Мен учкуч болсом деген балалык аруу кыялдарым болгон. Тилекке каршы, учкуч болгон жокмун. Негизи Алла Таалам убагы келгенде өзү туура жолду көрсөтөт экен. Учурда учкуч болбосом дагы өнөр аркылуу дүйнөнү учкуч сыяктуу көрүп, кыдырып жүрөм. Бул тагдырды туш кылган Жаратканыма ыраазымын.

- Устат жактан жолуңуз кандай болду. Балким, устат жактан дагы жолдуу болгондурсуз?
- Устат жактан чынында жолдуу болдум. Үйдүн деле пайдубалы жакшы болсо, ал бекем болот да. Биринчи бир кесипке багыт алганыңда жакшы мугалимге туш келсең, андан ары өнөрүң өркүндөйт. Өнөрүң калыпка салынганга чейин жакшы мугалим менен иштешсең, жакшы жолго түшөсүң. Жакшы ырдап жатасыңбы, жокпу аны дагы уга билишиң керек. Кудайга шүгүр, тагдырымда абдан жакшы мугалимдерге, устаттарга туш келдим. Башында опера тармагына мени түртүп, мага таасир берген Улукмырза Полотов агайым болду. Ал башында көрөгөчтүк кылып “үнүң европалыктардын үнүнө окшош экен, опера ырчысы болсоң болчудай” деп айткан. Анда мен Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын 2 жылдык студиясында окуп жүргөн кезим болчу. Андан кийин Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториясына тапшырган жылы Керим Турапов педагог болуп окуу жайга келип калды. Агайдын окуу жайга келгени мен үчүн чоң олжо болду. Улукмырза Полотов, Керим Турапов агайларым бул тармакта ийгиликке жетүүмө чоң жол салып беришти.

- Лучанно Паваротти сиздин кумириңиз болуп, аны менен бир сахнада ырдоону көксөчү экенсиз. Бирок ага тирүү кезинде жолуга албасаңыз дагы Pavarotti D’ordo атындагы сыйлыгына ээ болдуңуз. Сыйлык сыймык дейт, кандай толкундоолор болду? Андагы жылуу сезимдер дагы деле сизден тарай элек чыгар.
- Ооба, биринчи Улукмырза Полотов агай мага опера жанрын сунуштаганда түшүнгөн эмесмин. Алгач “агай мени жактырбай жатат, сабак бергиси келбей жатат го” деген ой болду чынында. Бирок анда жаштык кылыптырмын. Ал кезде диск деген жок болгон. Улукмырза агай кассетаны алып келип Лучанно Павароттинин аткаруусундагы ырды угузуп калды. Аны уккандан кийин эле опера ырчысы болуу, Лучанно Паваротти, Италиянын жомоктогудай сахнасында ырдоо менин максатыма айланды. Тилекке каршы, Италияга кумирим каза болуп, анын көзү өткөндөн кийин келип калдым. Бирок аракетимди токтоткон жокмун. Паваротти 6-сентябрда каза болгондуктан, бул күндү ар дайым Италияда эскерип, концерттерди уюштурушат. Лучанно Павароттинин урматына уюштурулган концертке катары менен 4 жыл катыштым. Мындан сырткары, Павароттинин атынан көп чоң концерттерде ырдап жүрдүм. Алар мага стимул болсун дешкенби Лучанно Паваротти атындагы байгелүү сыйлыкты тапшырышты. Павароттинин досу менин үнүмдү Павароттинин үнүнө окшоштуруп, ырдаганымды ага салыштырып, жакшы көрүп, анын аткаруусундагы ырларды аткарып бер деп сурана берчү. Кийин ал дагы ыраматылык болуп кетти. Бул сыйлыкты алгандагы толкундоолор азыр деле эсимде турат. Анткени бул күтүүсүз сыйлык болгон. Анын үстүнө сыйлыктын дүйнөлүк деңгээлде дагы чоң орду бар.

- Лучанно Павароттинин жубайын Кыргыз өлкөсүнө алып келгенсиз. Бул дагы тагдырдын насиби чыгар.
- 2017-жылы Бишкекте концерт бердим. Концертке Лучанно Павароттинин жубайын дагы Кыргыз өлкөсүнө конок катары чакыргам. Павороттинин жубайын Бишкекке чакырганымдын дагы жөндүү себеби болгон. Ал учурда Кыргыз өлкөсүнө акчалай эмес, маданий инвестор тарттым десем болот. Себеби Павароттинин аялы дүйнөлүк опера тармагында эбегейсиз орунду ээлейт. Биздин кыргыз классикасын көтөрүүгө жардам бере ала турган, тааныштары көп адам. Бирок мен аны чакырып келгеним менен ал кездеги президентибиз, өкмөт бул нерсеге такыр көңүл бурбай койду. Бизге бийлик тарабынан жасалган кош көңүлдүк жүрөгүмдү абдан муздатты. Ошондо гана биздин өкмөттүн деңгээлин түшүндүм. Ал учурду сөз менен айтып жеткирүү дагы кыйын чынында. Азыр деле ошол ойлорду ишке ашырса болот. Өз чөйрөмдө 10 жылдан бери көптөгөн жакшылыктарга жетиштим, жакшы пайдубал түптөй алдым десем болот. Негизги максатым Кыргыз өлкөсүнүн аты опера тармагында дагы чыкса деген изги тилегим бар. Биздин кошуна эле Казакстанды алсак, алар кайсы жакта болсо дагы өздөрүнүн атын чыгарууга аракет кылышат. Таланттарын колдоп, аларга дем күч берип турат. Биздин өлкө бул тармакка чынында көңүл бөлбөй жатат.

- Кыргыз өлкөсүндө опера жанрындагы ырларды уккан угармандар кандай?
- Негизи бул тармакты пропаганда кылыш керек. Качан пропаганда кылсаң, ошондо күйөрмандар жана угармандар көбөйөт. Бирок биздин опера жанрына караганда, эстрадага элдин агымы көп оойт. Кыргыз өлкөсүндө классика жанры менен 3-4 күн катар концерт коё албайсың. Себеби баары жандуу үн, фонограмма деген болбойт. Биздин өлкө чынында пайда жагын эле ойлоп жатат. Негизи классикалык жанр дүйнөлүк жанр болуп эсептелинет. Башка чет өлкөдөн келгендерге классикалык жанр менен таймашканыңды көрсөтсөң алар суктанып баа беришмек. Ушул жактан биз абдан аксап турабыз. Буга биздин өкмөт колдоо көрсөтпөсө, жеке ырчылар өздөрү эч нерсе кыла алышпайт. Себеби биздин жанрда чыгым болушу мүмкүн, ал эми пайдасы руханий жактан, маданият жактан өсүү болот. Бул акчага караганда алда канча жогору турган баалуулук деп айта алам. Акчанын өмүрү кыска болот.

- Ата-энеңиз ар бир ийгилигиңиз менен тааныш болуп, биринчи угуп, сыймыктанып турса керек.
- Чынында ата-энем карапайым, жөнөкөй адамдар. Мен аларга качан ишимден жыйынтык болгондо гана билдирип турам. Коомдук угууларга, сынактарга барганымды аларга айтпайм. Себеби бүтпөгөн иш үчүн ата-энемди сарсанаа кылгым келбейт. Качан гана ийгилик болсо айтам. Алар жакшы кабар укканда кубанып кубатташат, сыймыктанышат. Бул жылы ата-энемди Италияга алып келип сыйладым. Албетте, ийгиликке жетүүмө негизги себепчилерим ата-энем жана бир туугандарым. Ата-энемдин салымы болмоюн мен алыс бара албайт элем. Агам ар дайым акыл-насааттары менен бөлүшүп, жакшы жолго салуу үчүн болгон күч-аракетин жумшады. Окуп жүргөнүмдө каржы жагынан камсыздап, эч нерседен өксүк кылган жок.

- Италияга опера жанрында билим алыш үчүн жаштар келип жатабы?
- Бул жакка келип окуп кеткен жаштар болуп жатат. Орозбек Бахитов деген жигит 3 жыл окуп билим алды. Быйыл дагы Данияр деген инибиз келип 2 жыл билим алып кетти. Негизи кыргыз жаштарынын Италияга келгенинин өзү эле чоң жетишкендик. Андан ары улантып кетсең дагы жакшы, улантпай кайра Кыргыз өлкөсүнө кеткениң деле жаман эмес. Мени Италияга өкмөт 2 жылга жөнөткөн. Революция жүрүп кеткенине байланыштуу кийинки келген өкмөт ал буйрукту жокко чыгарды. Анча-мынча угуп калам мени Бишкекке келип ырдабайт дешкендерин. Бул жакка келип ырдап, биздин эмгекти актабады деп айтышат экен. Мен аларга айтат элем, бул жакта окуп кайра мекениме барып байланышты үзүп койгонум, Кыргыз өлкөсүнө барып ийгиликке жетишкенимдин алдында суу кечпей калат. Кыргыз өлкөсүндө жүрүп казынага залал келтиргенден көрө, чет жерде жүрүп элиме бир аз болсо дагы пайдам тийип жатканын мекенчилдик деп эсептейм. Мен ушул сөздү көп айтам. Кыргыздын казынасына кол салып, калп эле мекенчилмин деп кыйкыргандын кереги жок. Мекенчилдик бул кайсы жерде болбо, өлкөңө зыян тийгизбей, анын атын чыгаруу.

- Сиздин чыгармачылыгыңызды туу тутуп, сизге окшоп операнын ордосунда ырдасам деген жаштар бар. Ал жаштарга кандай кеп-кеңеш берет элеңиз?
- Азыркы жаштарга 1 пайыз талант болсо, 99 пайыз эмгек болушу керек деп айткым келет. Канчалык көп эмгектенсең ошончолук ийгиликке жетишесиң. Кыргыз өлкөсүнө барганда таланттуу жаштарды көрөм, алар мага кайрылып калышат. Көбүнүн оюн уксаң түз эле Италияга келе калсак дешет. Ырдатып үнүн угуп көрөйүн десең же репертуары жок, же эч бир кароо-сынактарга катышкан эмес. Негизи күлүктү чабуудан мурун, аны тапташ керек эмеспи. Ошон үчүн биринчи өзүңдү таптап, окуп, изденгениң маанилүү. Репертуар түзүп, кароо- сынактарга катышуу керек. Ал жактан жетишкендиктерге жетишип жатсаң, андан кийин гана чоң жактарга өзүнөн өзү эле жол ачылып, эмгегиңдин акыбети кайтып, анын мөмөсүн аласың. Өзүмдү алсам, Италияга келерден мурда Орто Азиядагы, Орусиядагы сынактарга катышып жүрдүм. Ал жактан жаңылдым, жаздым, жеңилдим, жеңдим, көп жолдорду басып өттүм. Бул жакка келүүдөгү кадамым деле жеңил болгон жок. Ар бир адам канчалык өзүн өстүрүүгө аракет кылса, ошончолук ийгилик болот. Эгерде өзүңдүн ары жагыңда кызыгууң, аракетиң болбосо Италияга келип деле бир нерсени кыйратып жибере албайсың. Кызыгуу жана аракет абдан маанилүү. Анткени бул экөө биригип келип ийгиликтин жаралуусуна себепчи болот. Алманы эгесиң, ал чоңоёт, убагы келгенде мөмө берет. Башында аз берет кийин бутактап, мол түшүм бере баштайт. Биздин классика опера жанры деле ошол сыяктуу. Бул айткандарым дагы өкмөткө тиешелүү. Азыр бул тармакка жакшы көңүл бөлсө, кийин түшүмүн мол алып баштайт. Ошондуктан күнүмдүктү ойлобой, түбөлүгүбүздү ойлогонубуз артыкчылыктуу иш болуп саналат.

Жеңишбек Ысманов: "Любовный напиток"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
JaneEr
2019-08-27 10:39:44
Капа болбой эле коюнуз бийлик бардыгына кош конул мамиле жасайт.Бийлик оздорунун чонтогуно жана жеке кызыкчылыктарына эле кош конул эмес.
+5
katerina.li
2019-08-27 10:49:13
Жакшы маек болуптур. Ишине ийгилик
+3
kechirmeni
2019-08-27 10:58:33
Болот Минжылкыев жонундо да жассаныздар урматтуу суперчилер.
+2
aidinaernur
2019-08-27 11:17:37
Ээ Жени ийгилик
Аябай жонокой бала
Италиянецтерге окшоп баратат экен
+2
kechirmeni
2019-08-27 11:28:39
Урматтуу Супер Инфо, мен элибиздин залкар опера ырчысы Болот Минжылкыев тууралуу таптакыр маалымат таппадым(макала,аткарган чыгармалары). Медиа порталга кирсен тааныбаган эле кечээги чыкккан ырчылардын ырларынан бери бар.Сураныч Болот Минжылкыев тууралуу макала жана аткарган чыгармалары тууралуу маалымат киргизип койсонор. Тийиштуу кызматкерлерге жетекчинерге айтып. Бул жзганыма конул кош карабайсынар деген ойдомун. Рахмат
+1
kechirmeni
2019-08-27 11:45:57
kechirmeni,Буга чейин билбегендер болсо интернеттен издеп коруп унуно баа берсениздер болот. "Болот Минжылкыев: Кыргыз жери, Ата-Мекен, Алтынчы куну кечинде" ж.б. ырлары бар
0
kechirmeni
2019-08-27 15:45:25
kechirmeni, Суперчилер жоксунар го, боло турган ишпи, жасаса болобу же болбойбу
0
Гүлшат Ысамамат кызы
2019-08-31 16:12:18
kechirmeni,саламатсызбы? рахмат сизге! Сиздин сунушуңуз сөзсүз эске алынат, биздин порталды акмалап туруңуз!
0
al-abu-kinesz
2019-08-27 12:57:52
Андан коро ошол жактан бир инвестор тартып келсен окмот жолуна лента кесип тосуп алмак
+2
Erik2018
2019-08-27 14:14:34
бийлик нааразы болбой тойго чыгып домбарнды кага бер азыр бешиктеги бала деле суйлогону саясат
0
Absamat-90
2019-08-27 14:14:38
"ал кездеги президентибиз,"ге барып айтуу керек болчу, в роде озу деле ыр жанду эле.Же козу ай сайын кирип турчу кара диломаттагы акчадан башканы корбой калгандыр.
0
elmira.
2019-08-27 15:41:37
Жалдын кай жеринен болот экен аа?
0
kechirmeni
2019-08-29 08:37:33
elmira.,центринен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан