"Суу-жер ресурстарын эффективдүү колдонуу – Кыргыз Республикасынын экономикалык өсүшүнүн негизги болуп саналат" деп бүгүн, 26-августта вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Чүй облусунун Красная Речка айылынын эмгекчилери менен жолугушууда айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
"Бизде суу бар – бул биздин негизги байлыгыбыз. Өкмөт ирригацияны өнүктүрүүгө олуттуу күч жумшап жатат. Ирригация жана талаптагыдай айыл чарба техникалары менен айрым өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн эки эсе жогорулатууга болот", - деди Замирбек Аскаров.
Анын айтымында, учурда калктын үчтөн эки бөлүгү айыл жеринде турат. Эмгек өндүрүшүнүн атаандаштык көрсөткүчүнө чейин жеткирүүнү жогорулатуу керек.
"Айыл чарбасы өнүккөн мамлекеттер өнүккөн өлкө деп айтылат. Буга биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар. Айыл чарбасындагы өндүрүштү электрификациялоо менен биз эмгек өндүрүшүн үч эсе көтөрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар", – деп белгиледи Замирбек Аскаров.
Вице-премьер-министр андан кийин шаарларды өнүктүрүү үчүн суу-жер ресурсун натыйжалуу колдонуу керектигин кошумчалады.