Бүгүн, 26-августта тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз мамлекети менен Азербайжандын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыктын маселелери талкууланды.
Ушул жылдын октябрь айында Азербайжанда өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 7-саммитине, ошондой эле жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарга тараптар өзгөчө көңүл бурду.
Жогоруда аталган иш-чаралардын уюштуруу жана мазмундуу бөлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду.