Бишкектеги Кулатов көчөсүнүн Логвиненко жана Панфилов көчөлөрүнө чейинки бөлүгүндөгү оңдоп-түзөө иштери аяктады. Транспорттук каттамдар үчүн жол ачылганын Бишкек шаардык мэриясынан кабарлады.
Кулатов көчөсүнүн бир бөлүгү "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коому тарабынан жылуулук тармактарын оңдоп-түзөө үчүн жабылган. Учурда ремонт иштери толугу менен аяктады деп жазылат маалыматта.
Кулатов көчөсүнүн Логвиненко жана Панфилов көчөлөрүнө чейинки бөлүгү 3-июлдан баштап убактылуу жабылган.