Элмурза Сатыбалдиев: "Волейболчулардын жетишкендигинен кийин сөзсүз саясатка кайтам"

Кыргыз Республикасынын улуттук волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев саясатка сөзсүз кайтып келерин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-августта «SUPER MEDIA» пресс-борборунда чемпион болушкан кыргыз волейболчуларынын маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Волейболчулардын ушундай жетишкендигинен кийин саясатка сөзсүз кайтып барам. Менин саясатка кайтып барганга акым жокпу? Биринчиден мамлекеттин алдында, кыргыз элинин алдында чоң кызматты аркалап жүрүп, ошол кызматка байланышкан туура эмес көрүнүштөр болуп кеткен болсо жоопкерчилик ала алдым. Эч жерден тайманбай айттым, мамлекеттин стабилдүүлүгү керек болсо мен жооп берем дедим. Күнөөлүмүнбү, күнөөлүү эмесминби ал башка сөз.

Эми саясатка аралашпайм десем уят. Менин аркамда ушундай балдар турат.

Жогорку Кеңешке барганга даярмын жана каалоом дагы бар", - деди ал.

Элмурза Сатыбалдиев 2007-2009-жылдары башкы прокурор болуп иштеген.

2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген.

2014-жылдын 25-июлдагы Апрель окуясы боюнча соттук отурумда Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун чечими менен Элмурза Сатыбалдиев 10 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынган. Бишкек шаардык соту 2 жылдан кийин ишти кайрадан карап чыгып, 2016-жылы актаган.

2009-жылдан бери Кыргыз өлкөсүнүн волейбол федерациясынын президенти.

Чемпион волейболчулар маалымат жыйын беришти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tolik777
2019-08-27 13:20:06
Келбей эле кой. Сен эле жетишпей жаттын эле. Соке сени да камасын.
+4
talant87
2019-08-27 13:34:04
Менин калоом жаны жаш жуздор келишин кудайдан тилеймин. 28 жылда алдыга жылыш такыр билинбеди Эл озун озу багып жатат
+6
Jaznura
2019-08-27 16:04:25
Сатыбалдиев спортту өнүктүрүүгө болгон күчүн жумшасын
0
Skarlett-Skarlett
2019-08-29 00:59:48
Саясатта балээ барбы?!Жетишет калган жегичтер деле!Деги эле саясатка кайтам деп кыйратып койгонсуп.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан