Транспорт жана жолдор министрлиги Чүй облусундагы айланма жолду акы төлөө системине өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акы алынуучу жолдор тууралуу мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мамлекеттик органдар менен сүйлөшүү жүргөн. Макулдашуу өкмөттүн аппаратынын кароосуна жиберилгени белгилүү болду.
Пилоттук негиздеги долбоор катары Транспорт жана жолдор министрлиги Бишкектин 73 чакырым узундуктагы айланма жолун акы төлөөгө өткөрүүнү сунуштаган.