Мурдагы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын темир жолду куруу жана долбоорлоо дирекциясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта SUPER.KG порталына аталган ишканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул боюнча буйрук 21-августта чыккан. Калилов жалпы жамаатка тааныштырылып ишке киришти. Дирекциянын мурдагы башчысы Улан Кулов Жамшитбек Калиловдун орун басары болуп дайындалды.
Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев өткөн жылдын декабрь айында 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирген. Бул окуянын айынан транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов президент тарабынан катуу сынга алынган соң, кызматтан кеткен.