Президент: "Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча балдар үчүн мектептерди курууга жумшалууда"

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектепте жана Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназиясында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептин каражаттарынын эсебинен жаңы корпустар курулат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.

Бүгүн, 27-августта президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен аталган мектептерде жаңы корпустарды курууга капсула салуу аземи болуп өттү.

Иш-чараларга жергиликтүү тургундар, мугалимдер, куруучулар катышты.

Сокулук районунун Орок айылында мамлекет башчысы айыл жашоочулары жана мугалимдер менен баарлашты.

"Ички миграциядан улам Бишкек шаарынын, Чүй жана Ош облустарынын орто мектептеринде окуучулардын саны көп болуп, мектептерге балдар батпай, чоң көйгөй бар экени маалым. Коррупция менен күрөштөн Бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн акча мектептерди жана аларга кошумча окуу корпустарын курууга жумшайлы деп чечкенбиз", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент дагы бир жолу коррупцияны түп орду менен жок кылуу мамлекеттин негизги максаты экенин белгиледи.

Коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында түшкөн каражаттар үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылдын июнь айында ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
gute
2019-08-27 16:48:40
Чындап эле ошондой болсо жакшы болмок. Бирок Атамбаевди деле мактаган жерим жок. Биздин айылдагы мектеп менен спортзал Атамбаев убагында жакшы курулуп баштады эле план боюнча быйыл ишке берилмек. Жээнбеков келгенден бери каржылоо жок токтоп калды стенасы которулгон боюнча. Качан бутоору белгисиз
+7
Jaznura
2019-08-27 17:45:08
Кайсы президенттин тушунда жемкорлордон өнлүрүлгон акчага соц обьекти курулду эле. Президенттин коррупцияга каршы күрөшүн баарыбыз колдошубуз керек
0
altyn-kumush
2019-08-27 18:05:31
Жакшы кабарлар деле бар экен го. Жаны конуштарга куруп жатышканы аябай жакшы, жашоочулардын саны да коп ал жакта
0
kechirmeni
2019-08-27 18:18:04
Карыздан кутулууну качан ойлонобуз?
+1
Take_men
2019-08-27 22:38:31
Коррупциядан түшкөн акчанын отчетун бергиле элге. Ким канча кусту эл билиш керек
+2
Dembele84
2019-09-13 19:20:24
Эки жыл Атамбаев и командасы менен кармашуу болуп отуп кетти.Эми иштебесенер да болбой калды,чек арада постоянно тополон срочно чечуу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан