7 айдын ичинде социалдык жөлөк пулдарга 4 миллиард 366 миллион сом төлөндү. Мындай маалыматты Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
"2 миллиард 15 миллион 500 миң сом ай сайын социалдык жөлөк пулдарды алуучуларга, 1 миллиард 982 миллион 600 миң сом "үй-бүлөгө көмөк" алуучуларга жана бир жолу берилүүчү "балага сүйүнчүгө" 368 миллион сом республикалык бюджеттен жумшалган. Жалпысынан республика боюнча "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулдун орточо өлчөмү 8558 сомду түздү. Ал эми социалдык жөлөк пулдун орточо өлчөмү 3007 сомду түздү.
1-августка чейин мамлекеттик жөлөк пулдарды алуучулардын саны 495 миң 500 адам болсо, 16 жашка чейинки балдары бар жакыр үй-бүлөлөр - “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулдарды алуучулардын саны 311 миң 200 адамды түздү", - деп жазылат маалыматта.