Шереметьево аэропортунда кыргыз таксисттери катышкан мушташтын чоо-жайы иликтенип баштады

Москвадагы Шереметьево аэропортунда кыргыз таксисттери менен күзөтчүлөрдүн ортосундагы чыккан жаңжал боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиргендей, Кыргыз жарандарына юридикалык жардам көрсөтүлдү.

"25-26 августта Шереметьево аэропортуна элчиликтин кызматкерлери барып таксисттер менен жолугушуу жүргүзүштү. Сүйлөшүү учурунда "Вымпел Центр" жеке менчик ишканасынын күзөтчүлөрү менен айдоочулардын ортосундагы мушташ тууралуу толук маалымат алынды. Жыйынтыгында жеке менчик ишкананын жетекчилигине окуяны калыс иликтөө боюнча расмий кайрылуу жөнөтүлдү. Ал эми Кыргыз жарандарына юрдикалык жардам көрсөтүлдү. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дейт маалымат кызматынан.

Элчиликтен кошумча маалымат берилери айтылды.

Шереметьево аэропортунда кыргыз айдоочулары менен күзөтчүлөрдүн ортосундагы жаңжал тууралуу видео тарап, анда окуя 23-августта болгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bars88
2019-08-28 09:43:22
23 нон бери канча кун отту.Оозунарды ачып жата берсенер элчиликтегилер куноону таксистерге коюп коёт го
+3
altyn7776
2019-08-28 17:49:34
Ушул чет жерде журуп, копкондон чыгарышат мушташты. Анан айдоочулук куболукту жокко чыгарып салса ыйлакташат кацра шумуройуп. Бироонун жеринде журосунбу, норм иште опконду басып, канча миллионго жакын туугандарыбызды кошо уят кылбай акмактар...
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан